Венгрия «Эксимбанкы» Кыргызстанга 65 млн доллар насыя берет

4 сентября 2018 18:30 974 Barometr
Поделиться в:
ok

Венгриянын «Эксимбанкы» Кыргызстанга 65 млн доллар көлөмүндө насыя берет. Бул тууралуу аталган  өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.    

Маалым болгондой, эки өлкө ортосунда биргелешкеy экономикалык комиссия түзүлөт. Тараптар соода, айыл чарба, суу чарбасы, экология, фармацевтика жана инвестиция тартуу багытында кызматташа турган болушту. 

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу  болду. Жолугушууда кыргыз-венгер кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.  Кыргызстан менен Венгриянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы түзүлгөн. Ошол убакыттан бери Венгриянын башчысы биринчи жолу расмий сапар менен Кыргызстанга келди.

Ссылка: https://barometr.kg/vengriya-eksimbanky-kyrgyzstanga-65-mln-dollar-nasyya-beret



Добавить комментарий