Венесуэланын түндүгүндө күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды

22 августа 2018 20:41 1232 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Шейшемби күнү кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.31 чамасында Венесуэланын түндүгүндө күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук сейсмология борборунан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, жер астынан берилген катуу силкинүү Венесуэланын Каракас, Гуаренас, Гуатир жана Тачир шаарларында сезилген. Кийинчерээк сейсмология борбору силкинүү 7,3 баллга жеткенин ырастаган. 

Кырсыктан жабыркагандар жана цунами коркунучу тууралуу азырынча маалымат түшө элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/venesuelanyn-tndgnd-kch-7-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий