"Азаттык" радиосунун директору Венера Джуматаева: "Жакында жетекчилик орунга сынак болот, баарыңар катышкыла"

20 августа 2019 18:00 1263 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

"Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева, «жакында жетекчилик орунга сынак болот, баарыңар катышкыла» ,- деп фейсбук баракчасында жарыялады. Ошондой эле, бизде бирөөнү жумушка алуу, кетирүү, көтөрмөлөө маселесин мен жалгыз чечкен эмесмин, чече да албайм. Баары ачык сынак аркылуу өткөрүлөт деп баса белгиледи ал. Мындай маалыматты Табылды Акеровдун кайрылуусунан кийин жарыялады.

Кечээ, 19-августта Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык коомчулугунун өкүлдөрүнүн атынан саясат таануучуТабылды Акеров "Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосу" радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайга кайрылган ачык катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Кайрылууда "Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева коррупцияга, бийлик, саясатчылар, саясый топтор менен тил бириктирүүгө, жердешчиликке айыпталып, калыстыктан тайып кеткен деген жүйө менен жетекчисине текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Венера Жуматаева редакциянын ичинде кадрдык башкарууда жердешчиликке басым кылары айтылат. "Жетекчилик кызматтарга Жуматаева Ысык-Көл облусунан чыккандарды коёт", - деп кайрылууда айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/venara-dzhumataeva-zhakynda-zhetekchilik-oorunga-synak-bolot-baaryar-katyshkyla



Добавить комментарий