Венадагы террактка шектүүлөрдүн арасында Орусия жана Түркиянын жарандары бар

5 ноября 2020 17:32 709 Barometr
Поделиться в:
ok

Венадагы террордук чабуулга айыпталып кармалгандардын арасында Орусиянын жана Түркиянын  жарандары дагы бар. Бул тууралуу  Die Presse сайты жергиликтүү күч органдарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

 Кандуу окуяга айыпталып, жалпысынан 14 адам кармалган. Алардын бардыгы террордук уюмдарга мүчө жана Венадагы террактка шектүү деп кармалган.

"Кармалгандардын айрымдары башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Бангладештин, Македониянын, Түркиянын жана Россиянын жарандары", - деди Вена полициясынын башчысы.

Өлкөнүн ички иштер министри Карл Нехаммер террордук иш боюнча айыпталып кармалгандардын бардыгы 18ден 28 жашка чейинкилер экенин айтты. Көбү өлкөгө мигрант болуп келгендер экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнү кечинде белгисиз адамдар тобу Австриянын борбору  Венада бир катар кол салууларды уюштурушкан.  Кол салуудан бир адам окуя болгон жерден каза болуп, бир жабырлануучу кийинчерээк ооруканада көз жумуп,  15 адам жаракат алган. 

Ссылка: https://barometr.kg/venadagy-terraktka-shektlrdn-arasynda-orusiya-zhana-trkiyanyn-zharandary-bar-alar-18den-28-zhashka-chejinki-zhash-baldar



Добавить комментарий