Василий Дашковдун уулу "Кыргыз Темир Жолундагы" коррупция иши боюнча кармалды

20 мая 2021 13:21 2516 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

УКМК "Кыргыз Темир Жолу" компаниясынын мурдагы жетекчиси  Василий Дашковдун уулунун тиешеси бар коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Аталган компаниянын жооптуу адамдары товарларды, материалдарды жеткирүү үчүн акы төлөп берүү шылтоосу менен 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрелине чейин Atom Group ЖЧКсына жана Genesis Plus ЖЧКсына 500 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды.

Ошондой эле, ишкана көрсөтүлгөн мөөнөттө аталган ишканалар менен товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү боюнча келишим түзбөгөндүгү белгилүү болду.

Учурда "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынын бюджеттик кызыкчылыгына келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

18-майда сотко чейинки процессте "Кыргыз Темир Жолунун" каржы бөлүмүнүн башчысы,  “AtomGroup”жана Genesis Plus компанияларынын жетекчилери коррупциялык схеманын катышуучусу экендиги маалымдалды. Д.Д.В - "Кыргыз Темир Жолунун" мурдагы башкы директору Василий Дашковдун уулу дагы кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Василий Дашковго карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагына 2021-жылдын 18-июль күнүнө чейин чыгарган.

УКМК 2021-жылдын 8-январында “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы маалымдалган.  (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-б., 2-б.).

Ссылка: https://barometr.kg/vasilij-dashkovdun-uulu-kyrgyz-temir-zholundagy-korrupciya-ishi-boyuncha-karmaldy



Добавить комментарий