Ваннага кандай, качан түшүү керек?
Ваннага түшүү гигиеналык процедура. Ал терини тазалап отуруп, өңүнө келтирип, жакшыртат. Биздин терибизди жумуш учурунда чаң менен тер басары белгилүү. Ушундай кезде денебизге миллиондон ашык оору жуктура турган бактериялар жабышса керек. Тактап айтканда, терибиздин ар бир чарчы сантиметринде 40 миңдей бактерия болот экен. Ваннага түшкөндөн кийин гана алардын 100 миллиону өлөт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Ошонудуктан күндө жуунуну менен жума сайын мончого баруунун канчалык пайдалуу экенин биле журүңүз!
Ал эми ваннага түшкөндө өзүнүн шарттары бар экенин билдиңиз беле?
Тамакка тойгондон кийин ваннага түшпөңүз;
Ысык ваннага түшкөндөн кийин муздак суу менен чайкануу керек;
Ваннада 10-15 мүнөттөн ашык отурууга болбойт;
Ваннадан кийин дароо төшөккө жаткан оң. Эгер күндүз тушсөңүз он беш мүнөт жата туруңуз;
Өтө муздак ванна организмди чыныктырат. Бирок, бөйрөккө терс таасир бериши мүмкүн;
Өтө ысык ванна жүрөккө таасир бергендиктен, ревматизм менен ооругандар ваннаны дарыгердин уруксааты менен гана кабылдаганы туура;
Күндө түшкөн ваннанын суусу 36 градус болуш кажет. Нерв системасына жакшы таасир берет, ошондой эле түндө уйкуңуз жакшырат.
Ссылка: https://barometr.kg/vannaga-kandaj-kachan-tsh-kerek
Добавить комментарий ×