Валентина Шевченко күйөрмандарына: Жакында көрүшөбүз!

1 апреля 2019 11:44 1174 Barometr
Поделиться в:
ok

Аралаш күрөш стили боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко 7-апрелде Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына кабарлады.

“Мен өзүмө абдан кубанычтуу болгон жаңылык менен бөлүшкүм келет. Мен Бишкекке барам. Жакында көрүшөбүз”,-деп билдирди ал.

2018-жылы 9-декабрда UFCтин чемпиону титулун алган спортчу кыз 31 жашта. Быйылкы жылдын 9-июнунда ал Чикагодо америкалык Джесика Ай менен титулду коргош үчүн беттешке чыгат.    

Шевченко Кыргызстанда күйөрмандары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

  

Ссылка: https://barometr.kg/valentina-shevchenko-kjrmandaryna-zhakynda-krshbz



Добавить комментарий