Узарбек Жылкыбаев, “Тарыхты жакшы жакка буруп, мамлекетибизди сактап калалы”
“Бүгүн биз тарыхый учурда жашап жатабыз. Мындай учурда өлкөдөгү ар бир жаран мамлекет алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек”. Бул тууралуу “Республика” партиясынын курултайында Ысык-Көл жана Ош облустарынын экс-губернатору Узарбек Жылкыбаевдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
“Тарыхты карайлы, бир учурда Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөгул Айтматов баштаган аталарыбыз мамлекетти оор мезгилден чыгарууга эр жүрөктүүлүк менен аракеттенген. Бизде да азыр мамлекетибиздин, эгемендигибиздин бар же жок болуп кетиши суроо болуп турган чакта аталарыбы”, – деди ал.
Ошону менен бирге эле Жылкыбаев “Республика” партиясынын жогорку кеңешке болгон шайлоодо элдин ишенимине ээ болууга мүмкүнчүлүгү чоң экендигин айтты.
“Биздин партия буюрса, жеңишке жетишип, өкмөт кандай болушу керектигин, өкмөт башчы, төрага кандай болушу керектигин көргөзүп, чыныгы депутаттын үлгүсүн көрсөтөбүз. Биздин бүт өлкө боюнча эл колдооруна ишенем”, – деп Узарбек Жылкыбаев баса белгиледи.
Эске сала кетсек, ал жакында өз ыктыяры менен Ош облусундашгы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан баш тартып, “Республика” партиясы менен шайлоого аттанууда.
Бүгүн “Республика” партиясы курултайын өткөрүп, ага аймактардан чакырылган 77 делегат катышууда. Алдыдагы шайлоодогу программа талкууланып, партиялык тизме бүгүн аныкталмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/uzarbek-zhylkybaev-taryhty-zhakshy-zhakka-burup-mamleketibizdi-saktap-kalaly
Добавить комментарий ×