Узак убакытка чейин төшөк кумарына барбоо ден соолукка канчалык зыян?
Сексуалдык гармониялык мамиленин эң негизги душмандары эмнелер? Узак убакытка чейин сексуалдык мамиледе болбоо ден соолукка кандай зыяны бар?
Төшөк кумарында сексулдык гармониянын сакталбагандыгынын бирден-бир себеби, депрессия болуп саналат. Ал эми аялдарда болсо, төшөк кумары кезинде анын туу чокусуна жете албагандыгы болуп саналат. Башкача айтканда оргазм ала албоо.
1.Канчалык төшөк кумары аз болсо, ошончолук жүрөк кан-тамыр оорусунун пайда болуу риски күч алат. Америкалык окумуштуулар: Адамдарда канчалык секс аз болсо, канда аминокислота кычкылы азайып, жүрөк оорусунун пайда болуусуна себеп боло тургандыгын айтат. Бир жумада эки ирет төшөк кумарына баруу, кан айлануу системасын жакшыртат.
2.Улгайган убакта регулялдуу төшөк кумарына баруу, мээнин иштөө функциясын жакшыртат.
3.Секс-стресстен арылтуучу мыкты каражат.
4.Регулярдуу төшөк кумарына баруу иммунитетти бекемдеп, грипп ооруларынан коргойт.
5.Өнөкөткө айланган стресс-сексуалдык гармонияны бузуучу факторлордун катарын толуктайт.
6.Ашыкча салмак, туура эмес тамактануу жана кант диабетине чалдыккандар дагы сексуалдык гармонияны төмөндөтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/uzak-ubakytka-chejin-tshk-kumaryna-barboo-den-soolukka-kanchalyk-zyyan
Добавить комментарий ×