Жарандан 100 миң сом алып качып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

10 марта 2021 10:17 571 Barometr
Поделиться в:
ok

Алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, милицияга Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анда алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү суранычын билдирген.

“2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимге кирип, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң  жолугушуулардан качып, изин жашырып кеткен.

 Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Издөө иштеринин натыйжасында, Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалды. Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран М.З. мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат”, - деп айтылат маалымтта.

 Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-zharandyn-ishenichine-kirip-100-mi-som-akchasyn-alyp-kachyp-ketken



Добавить комментарий