Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана ок-дары сактагандыгы үчүн кармалды

30 сентября 2025 12:25 Barometr
Поделиться в:
ok

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана ок-дары сактагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги мурда Дөө Чынгыздын уюшкан кылмыштуу  тобуна кирген жаран жанында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алган.  

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде "Курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында жаран 1989-жылы туулган Т.Б.   кармалган.

Өздүк кароо учурунда шектүүдөн номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылып алынган.

Учурда кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-tapancha-zhana-ok-dary-saktagandygy-chn-karmaldy



Добавить комментарий