Уюлдук телефон уурдаган кош бойлуу аялды СИЗОго камашты

12 июня 2019 18:53 1181 Barometr
Поделиться в:
ok

КР акыйкатчысы Токон Мамытов 12-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагында  Б.С атуу жаран менен баарлашты. Ал мурда Бишкек шаарынын Свердловск  районунун сот жана тергөө кызматкерлери тарабынан  укугу тебеленип жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

Акыйкатчынын аппараты аял уурдалган телефон эски болгондугу аны  ээсине кайрып берилгендиги жана буга ылайык тил кат жазып алынгандыгын айткандыгын  билдиришкен.

Мындан тышкары  аялдын 1 жаштагы баласы бар жана үч айлык боюнда бар.

Акыйкатчынын айтымында  Свердловск райондук соту Ж. Сабырова  кош бойлуу аялды  Бишкектеги №1 тергөө абагында  камоо менен туура эмес кылышкан.

Алар телефондун наркы 10 миң сомго жетпегендиктен жана кош бойлуу аялдын кичинекей баласы бар экендигин эске алуу менен Кылмыш кодексинин башка беренесине кароолору керек болчу.

Бул боюнча акыйкатчынын аппараты Бишкек шаарынын Свердловск шаардык прокуратурасына тийешелүү кайрылуу жолдоду.

Ссылка: https://barometr.kg/uyulduk-telefon-uurdagan-kosh-bojluu-ayaldy-sizogo-kamashty



Добавить комментарий