Уят. Кыргызстандагы спорт агенттиги министрлик болушу керек. Депутаттын сунушу
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргызстандагы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин макамы өзгөрүп, министрлик болушу керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Депутаттын айтымында, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде спорт министрликтери кадимкидей эле иштеп жатат.
“Дүйнөнүн башка мамлекеттеринде спорт министрлиги бар. Алар менен биздин дагы өкүлдөр жолугат. Андыктан биздеги спорт агенттигинин статусун көтөрүүнү сунуштайт элем. Агенттик эмес, спорт министрлиги деген макамды кайтадан бериш керек. Агенттик кылып туура эмес чечим болгон. Спорт министрллиги деген бардык жерде бар. Кыргызстанда дагы спорт министрлиги деп айтылыш керек. Бизде гана спорт агенттиги деп айтылат. Бул туура эмес, аны тез аранын ичинде премьерге айтып, келе жаткан Олимпиадага карата макамын өзгөртүп берүүнү сунуштайт элем”, — деди Тазабеков.
Ссылка: https://barometr.kg/uyat-kyrgyzstandagy-sport-agenttigi-ministrlik-bolushu-kerek-deputattyn-sunushu
Добавить комментарий ×