Уурулардан үйдөгү мүлктөрдү кантип коргоо керек?

8 июня 2022 13:19 1278 Barometr
Поделиться в:
ok


 Уурулардан үйдөгү мүлктөрдү кантип коргоо керектиги тууралуу пайдалуу маалымат. Эмгек өргүүдө жүргөн жарандар үчүн ИИМ сунуштаган маалыматка шилтеме берип "Барометр"  маалымдайт.

Жай мезгилинде ээлери узак убакыт боюу жок болгон батирлерден жана айылдагы үйлөрдөн уурулук жасоого ыңгайлуу жана жеңил экенин кылмышкерлер так билишет.

Ушундан улам, ИИМ сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгып, батир уурулардан кантип сактанса болорун маалымдайт:

• үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;

• видеокөзөмөл орнотуңуз;  

• эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда  терезеге торлорду орнотуңуз;

• балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз;  

• сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз.

• эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз, документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз.

Эгерде сиз батир ууруларынын курмандыгы болуп калсаңыз биринчи кезекте сабырдуу болуп, өзүңүздү колго алыңыз:

• дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;

• үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;

• эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз;

• кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз.
Бул аны кармоо процессин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.

Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири-бул сак жана этият болуу.

Ссылка: https://barometr.kg/uurulardan-jdg-mlktrd-kantip-korgoo-kerek



Добавить комментарий