Уулун тепкилегени үчүн убактылуу камалып, иштен алынган Адиев мамкаттоодон 1 миллиондон ашык акча талап кылууда
Бир жыл мурун уулун тепкилегени үчүн убактылуу камалып, иштен алынган Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынан 1 миллион 356 миң 500 сом талап кылууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Адиев Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Мамкаттоо кызматынан компенсация иретинде акча өндүрүп берүүсүн суранган. Мындан тышкары ал аны мурдагы ордуна кайтарууну жана териштирүү иштери жүрүп жатканда, Мамкаттоонун бюджеттик эсебин камакка алууну талап кылган.
Ушул жылдын 7-июль күнү райондук сот анын өтүнүчүн четке каккан. Бирок Адиев Бишкек шаардык сотуна кайрылып, сот отуруму бүгүн болуп, бирок доочунун өтүнүчү менен 16-октябрга жылдырылды.
Адиев 302 миң сомду ошондон берки айлыгы катары, 54 миң сомду ар кандай чыгымдары жана 1 миллион сомду моралдык чыгым катары сурап жатат
Белгилей кетсек, 2017-жылы 2-декабрда социалдык тармакта эркек киши жерде жыгылган кичине баланы өйдө туруусун талап кылып тепкилеген видео интернетте тараган. Окуя болгон күнү ал милициянын колуна түшүп, баланын өз атасы экени аныкталган.
Бариер Адиевге "Байбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин ал Мамкаттоо кызматында иштегени, бирок окуядан кийин жумуштан четтетилген. Бирок тепки жеген наристенин энеси Адиевге дооматы жок экенин билдирип, бул иш токтотулган.
Добавить комментарий ×