Усенбаев: "Бир эмдөөнүн баасы 450 сомдон 750 сомго чейин"

2 октября 2020 13:48 695 Barometr
Поделиться в:
ok

Сасык тумоого каршы эмдөөнү Үй-бүлөлүк медициналык борборлордон алса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаевдин брифинг учурунда берген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Нурболот Усенбаевдин айтымында, сезондук сасык тумоону алдын алуу максатында республикада калкты эмдөө процесси жүрүүдө.  

Эмдөөнү Үй-бүлөлүк медициналык борборлордон сырткары, жеке медициналык борборлордон алса болот. Тобокел тобуна кирген жарандар үчүн эмдөө акысыз, ал эми, калган жарандар акы төлөө менен ала алышат. 

“Азырык тапта, бир эмдөөнүн баасы 450 сомдон 750 сомго чейин. Балдарга 6 айдан баштап эмдөө жүргүзүүгө болот. Ошол эле убакта, 6 жашка чейинки балдардын эмдөөсүндө бир дозаны экиге бөлуп, эки жолу эмдеш керек”, - деп кошумчалады Нурболот Усенбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/usenbaev-bir-emdnn-baasy-450-somdon-750-somgo-chejin



Добавить комментарий