Урмат Барыктабасов Якутскиде кыз зордуктаган жигит тууралуу: Кантсе да бир боорум да

20 март 2019 09:13 24043 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ишкер жана саясатчы Урмат Барыктабасов өзүнүн фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына Якутияда кызга зомбулук көрсөтүп колго түшкөн кыргыз жигити тууралуу пикирин калтырды.

“Кандай болсо да мен кыргыз балага боорум ачышып отурам.Өлгөндун үстүнө көмгөн болгон эле сыяктуу.Бала биологический адам.Муктаждык бар. Ал деле Якутияга ошон үчүн барбаса керек.Ата энесине кыйын эле болду.Билмексенге салып койгула эми..Ала турчу жазасы деле оңой болбойт.Боорум тартып, ичим ачышып турат.Кантсе да бир боорум да. Азгырык,кырсык.Илгери армияда дары берчү, солдаттар кутуруп кетпесин деп.Анысы кандай айылдан барган бала эмне билсин.Окуткан эч ким болбоду.Баары тирлик менен жүрүшөт.Баары өзү менен алек. Балдардын тагдыры ээн калган кароосуз.Адам периште эмес.Кыз менен эркек ошон үчүн жаралат.Чынында кандай экенин ким билет”,-деп пост жазды Барыктабасов.

Анын бул постуна окурмандар ар кандай пикирлерин калтырышууда.

Эскерте кетсек, 17-мартта Россиянын Якутск шаарында зордукталган кыз жергиликтүү коомчулукта чоң резонанс пайда кылган. Шектүү адам Кыргызстанда туулган жаран болуп саналат. Якутскинин тергөө комитети тарабынан кызды уурдоо жана зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.  Бул окуяга байланыштуу Якутск шаарында жергиликтүү калктын митинги өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/urmat-baryktabasov-yakutskide-kyz-zorduktagan-zhigit-tuuraluu-kantse-da-bir-boorum-da



Добавить комментарий