Урмат Барыктабасов: Эч нерсең жок болсо да, сүйөт, барктайт
Коомдук ишмер Урмат Барыктабасов өзүнүн социалдык баракчасына кызыктуу пост бөлүштү.
“Күнү, түнү менен сени сүйгөн, сени түнү уктабай күткөн, сени мүнөт сайын сагынган, сени урматтаган, сен үчүн ойлонбой, өзүнүн жанын берген ,сени сатпаган, сени эч кимге алмаштырбаган ким? Албетте Эне. Энени барктагыла, сүйгүлө. Энеден башка сага эч ким мындай мамиле жасабайт. Энелерди сыйлап жүрүп өтөлү.Аял-Эне. Жүбайың - Эне. Кызын-Эне.Эне деген ыйык.. чексиз,баасыз Сүйүүнү издешет..? Чын сүйүү энеде. Издеп кажет жок, бар турат. Сени жөн эле сүйгөн жалгыз эне. Пайдаңа карабай, мүмкүнчүлүгүн чектелсе да, эч нерсен жок болсо да, сүйөт, барктайт. Мындай сүйүүгө жалгыз Эненин жүрөгү жарайт”, - деп жазды Барыктабасов.
Ссылка: https://barometr.kg/urmat-baryktabasov-ech-nerse-zhok-bolso-da-sjt-barktajt
Добавить комментарий ×