Урмат Барыктабасов Айдар Акаев кандай киши болгонун айтып эскерди

8 февраля 2020 11:37 2189 Barometr
Поделиться в:
ok

Ишкер Урмат Барыктабасов Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин өлүмү тууралуу кабарды өтө өкүнүү менен окуганын Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Айдар Акаев 5-февралда Москвада жүрөгү кармап каза болгону маалымдалган. Ал бир жумадан кийин - 10-февралда 44 жашка чыкмак. Анын сөөгү Москвадагы "Зеленая Лощина" поселогундагы элиталык үйлөрдүн биринен табылган. Окуя болгон жерге келген тийиштүү кызматтын өкүлдөрү анын денесинен эч кандай зомбулуктун белгилерин аныктаган эмес. Маркумдун сөөгү Москвага коюлат.

Барыктабасов Айдар Акаевди төмөнкүчө эскерди.

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

Сонун бала элең.

Кап деп санымды чаап отуруп калдым.

Жүрөгүн таза, боорукер, чынчыл адам элең...

Өмүрүмдө ар кандай адамдарды жолуктум эле, сендей адам чанда жолугат...

Кыргыздын дагы бир баласы элден чыгып кетти...

Мен сенин ойлогонуңду түшүнчүмүн..

Эрте кеттиң...

Таш боорлук жана кекчилдик бизде терең тамыр жайган үчүр...

Саясаттын курманы болуп калдың окшойт...

Кош иним...

Жакшы адам элең...

Түшүнбөгөндөр көп болду...

Барган жериң бейиштен болсун...

P.S. Абдан ичим күйүп турган чагым..

Москвада, Альфа банк менен келишим түзүп чыккандагы элесиң көз алдымда турат...

- Байке ,кыргызы не будут иметь долгов, когда есть такой Урмат байке, деп айттың эле...

Ссылка: https://barometr.kg/urmat-baryktabasov-ajdar-akaev-kandaj-kishi-bolgonun-ajtty



Добавить комментарий