Унутчаактыктан кантип кутулса болот?

15 декабря 2022 08:15 4854 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгерде сизде төмөндөгү белгилер бар экенин байкасаңыз, анда дароо атайын адиске кайрылуу талап кылынат, же болбосо тиешелүү көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Албетте, айрым учурларда белгилүү бир себептер менен кээ бир нерселерди унутуп коюшуңуз ыктымал. Бирок, мындай адат улам эле кайталана берсе, демек, сиз жардамга муктажсыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

1. Себепсиз унутчааксыз. 

Маселен, уйкуңуз калыптагыдай болуп, стресске кабылбасаңыз деле унута бересиз;

2. Унутчаак экендигиңиз тууралуу көп айтышса;

3. Кээде жакын тааныштарыңыздын телефон номурларын, фамилиясы же кошунаңыздын аты- жөнүн эстей албай кыйналасыз;

4. Буга чейин жасап жүргөн кээ бир жумуштарды ойдогудай жасай албай каласыз.

Демек, чынында эле сизде унутчаактык бар. Мындан арылууга аракетти тез арада баштоо керек.


1. Колуңуз менен жасаган жумушуңузду үнүңүздү чыгарып кайталаныз.

Сырттан үйгө кирдиңиз, ачкычты каалгадан чыгарып илгичке илдиңиз дейли. Мунун баарын оозуңуз менен кайталап айтыңыз. Башкача айтканда мээге маалымат калтырыңыз. Мындай ыкманы башка буюмдарды кармап, колдонууда да кайталоо зарыл.

2. Темирдей бекем эреже орнотуңуз

Өзүңүзгө өзүңүз убада берип, унутчаактыкты таштайм деп темирдей бекем эреже орнотуңуз. Алгач, жасай турган иштериңизди пландап дептерге жазып алыңыз. Мындан сырткары, жумушта же үйдө отурган маалда ким эмнени кайда коёрун эстеп калууга аракет жасаңыз. Кокусунан алар издей баштаса сиз дароо айта коёсуз. Бул эс- тутумга жакшы көнүгүү болуп эсептелет.

3. Ойго келген нерсени дароо жасай салыңыз

Кимдир бирөөгө телефон чалуу керек экендигин эстедиңизди, дароо чалыңыз. Кийинкиге калтырбаңыз.

4. Маанилүү даталарды эске салыңыз

Чоң- ата, чоң- апа, ата- апа, бир туугандардын туулган күнүнөн баштап маанилүү даталарды эстегенге аракет жасаңыз. Бир туугандарыңыздын кимиси качан баскан, бала бакчага барганы, мектепте окуй баштаганы, кыскасы бардык даталарды эстегенге аракет жасап, эс- тутумду жакшыртсаңыз болот.

5. Кол менен жазыңыз

Маанилүү окуялар тууралуу, жолугушууларды, даталарды дептериңизге колуңуз менен калем кармап жазган абдан жакшы. Эсиңизде жакшы сакталат.

6. Мээни "таштандыдан" тазалаңыз Керексиз ойлор, тынчсыздануулар дагы унутчаактыкка жеткирет. Андыктан мээдеги керексиз маалыматтарды алып таштаңыз. Жеңилденип каласыз.

7. Витамин ичиңиз

 С, В12 жана Е витаминдери эс- тутумду жакшыртууга жардам берет. Эки ай калтырбай витамин ичип, бир ай тыныгуу жасап кайрадан эки ай улантып, бир жыл боюу кайталасаңыз эс тутум калыбына келет.

Ссылка: https://barometr.kg/unutchaaktykty-aldyn-alynyz



Добавить комментарий