Тегирменчилер бирикмеси: Ундун баасы 30% кымбаттады

28 октября 2019 11:56 2848 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Ундун баасы 30% кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандык тегирменчилер бирикмесинин тѳрагасы Рустам Жунушов  Barometr.kg маалымат агенттигине  билдирди.

Анын айтымында, биринчи сорттогу ундун баасы - 24 сом. 

Ундун кымбатташынын себебин мындай түшүндүрдү.

«Жергиликтүү комбинаттар эки жылдан бери иштебейт. Кыргызстанда буудай аз, себүү аянттары 120миң гектарга азайды.  Жергиликтүү буудай жок. Ошондуктан Казакстандын буудайына кѳз карандыбыз. Мындан 4-5 жыл мурда ѳлкѳдѳ буудай ѳндүрүлгѳн. 2016 жылы тегирменчилерге  сырттан келген чийки заттар жеңилдик салык тѳлѳѳдѳ берилген. Бирок ал жеңилдик 2017-жылы жокко чыгарылган. Бирок  кѳмүскѳ жол менен мыйзамсыз келген Казакстандын ундары базар баасынан арзан болуп, тегирменчилер зыянга учураган. Кыргызстандан ѳндүрүлгѳн ундар ѳтпѳй иш токтоп калган. Азыркы күндѳ жандандырууну пландап жатабыз. Бирок бизде чийки зат жок болгондуктан ундун камсыз болгонуна кѳңүл буруу керек »,- деди Кыргызстандык тегирменчилер бирикмесинин тѳрагасы Рустам Жунушов.  

Эске салсак, ѳкмѳт ун кымбаттады деген эл ѳкүлүнүн маалыматын тѳгүндѳгѳн.

Ссылка: https://barometr.kg/undun-baasy-30-kymbattady



Добавить комментарий