Унаанын ичиндеги буюмдарды уурдаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

10 апрель 2019 12:21 1456 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Автоунаанын ичиндеги буюмдарды жана баалуу буюмдарды уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн айда ички иштер органдарына Чүй облусунун жашоочусу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, материалдык зыянга учураткан белгисиз жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Жабырлануучу жаран милицияга жарым жыл өткөндөн кийин гана кайрылууну чечкен. 2018-жылдын жазында түнкү маалда Ново-Павловка айылындагы базардын жанынан “Тайота-Аллион” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин талкалашып, ичинен 5000 сом жана 100 АКШ доллары, ошондой эле жеке документтери салынган барсеткасын уурдап кетишкен.

Арыз КЖБРге катталып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин "Уурдоо" беренси менен иликтөө иштерин башташкан.

Иликтөөгө ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылып, уурулукка тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон Сокулук районунда туулган 30 жаштагы Э.И. аттуу жаран болуп чыккан.

"Жакында сотко чейинки иликтөөлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларанын жүрүшүндө шектүү кармалган. Кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бардыгын күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен башка далилдер тастыктаган. Автоунаанын ичиндеги буюмдарды жана баалуу буюмдарды уурдоо менен алектенген уурулар базарга келгендерди тоноп, белгилүү схема менен-бирөө жарандарды алаксытса, экинчиси автоунаанын терезелерин талкалап, уурулук жасап жүрүшкөн",- деп айтылат маалыматта.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча Э.И. аттуу кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/unaanyn-ichindegi-buyumdardy-uurdagan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий