Унаанын ичинде кыйкырган аялга жардам бербей басып кеткен тескөөчүлөр тууралуу видеого ИИМ түшүндүрмө берди
Жакында эле ТВ кайгуул тарткан программада унаанын ичинде олтурган аялга жардам бербей тескөөчүлөр басып кетишти деген видео тараган. Мындай видеого ИИМ билдирүү жасады.
Маалыматта мындай деп жазылган:
"Жакында социалдык тармактарда шаардык телеканалдардын бири даярдаган видеоматериал жарык көрүп, ошол жерде Руслан Харизовдун социалдык тармагындагы ЖКККББнын кызматкерлери пара катары 2500 сом акча каражатын алып, андан сырткары эркек адам тарабынан сабалган аял кишиге жардам берүүгө аракет кылбагандарына күнөөлөгөн билдирүүнүн скриншоту тиркелген. Бир аз убакыт өткөн соң автор өзүнүн постун өчүрүп салган.
"Жогорудагы факты боюнча маалыматка тактоо киргизүү максатында төмөнкүлөрдү билдиребиз: сабалышы мүмкүн болгон Камилла аттуу кыз ЖКККББга келип, жогорудагы окуяны төмөнкүдөй түшүндүргөн. Аны эч ким сабаган эмес, жарандык жолдошу менен уруша кетишип, автоунаанын ичинде отурушкан. Ал эми автоунаанын рулунда жолдошунун досу отурган. ЖККБнын тескөөчүлөрү токтоткон кезде аларга дагы ушинтип түшүндүрүшкөн. Кыздын жарандык жолдошу ошол күнү түнкү клубда экөө уруша кетишкендигин, күч колдонуу же ур-токмокко алуу болбогондугун жана
милиционерлерге нааразычылыктары жоктугун билдирген".
Жогоруда айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт жана автоунаанын терезелери караңгылатылгандыгына байланыштуу административдик протокол түзүлүп, автоунаанын терезелери жарыктандырылган. Ошондой эле бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Добавить комментарий ×