Унаадан эч нерсе калган эмес. Өзгөндө жол кырсыгынан 8 адам жабыркаган

12 марта 2021 13:03 3486 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндө жол кырсыгынан 8 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, эки унаанын кагылышынан 8 адам жабыркаган. Жаракат алгандардын арасында жаш балдар да болгон. 

"Ош облусунун Өзгөн районунда 11-март күнү саат 19:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 605-чакырымында (Шоро-Башат айылы) “Дэу-Тико” жана “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен, 8 адам (4 эркек: 1992-жылы туулган, 1992-жылы туулган, 1984-жылы туулган, 1975-жылы туулган, 2 аял 1961-жылы туулган, 2004-жылы туулган, 2 жаш бала: 2013-жылы туулган, 2018-жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алышып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.  

ӨКМНнын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кыпчылып калган жаранды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 


Ссылка: https://barometr.kg/unaadan-ech-nerse-kalgan-emes-zgnd-zhol-kyrsygynan-8-adam-zhabyrkagan



Добавить комментарий