Унаадан эч нерсе калган эмес. Ошто Россиянын аскер кызматкерлери жол кырсыгынан каза болду
Ошто жол кырсыгынан каза болгон жарандар Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын кызматкерлери болгон. Бул тууралуу Республикалык жол коопсуздук кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой жол кырсыгы 25-июлдан 26-июлга караган түнү 01:30 чамасында болгон.
"Хендай Санта Фе" үлгүсүндөгү унаанын айдоочу Г.Айтиев кең көчөсүндө батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, рулду башкара албай калган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, «Хендай Санта Фе» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, жарнак такчасына урунган.
Натыйжада унаанын ичиндеги бардык жарандар окуя болгон жерде каза болушкан", -деп айтылат маалыматта.
Каза болгондор:
1. Айдоочу Р.Д.В. 1982-жылы туулган, Россиянын жараны,
2. Жүргүнчү Г.А.И. 1975-жылы туулган, Россиянын жараны,
3. Жүргүнчү Б.B.O. 1986-жылы туулган, Россиянын жараны.
Бул факты тергөөчү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Добавить комментарий ×