Россияда унаада калган майып бала иске ууланып каза болду

5 сентября 2020 10:07 1771 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгород облусунун Валуйки шаарында 11 жаштагы майып бала туугандары тарабынан унаага камалып каза болду. Бул тууралуу Россиянын ӨКМнин сайтындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.

Окуя 4-сентябрда болгон. Баланын чоң ата жана чоң энеси унаа менен жергиликтүү базарга барышкан. Алар баланы унаага калтырып коюп базарга кирип кеткен. Бир убакта өтүп бара жаткандар унаадан түтүн чыгып  жаткандыгын көрүшүп, ичиндеги баланы куткарып калышкан. Бирок өспүрүм иске ууланып калгандыктан ооруканадан көз жумду.

"Кайдыгерликтен өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөөчүлөр өрттүн очогун жана себептерин аныкташууда.

Майып бала энесинин өлүмүнө жана атасынын жоктугуна байланыштуу чоң ата, чоң энесинин колунда болгон.

Февраль айында Челябинскте эвакуация кызматынын кызматкерлери бир жарым жаштагы баласын машинага бекитип кетип калган аялдын унаасын айып аянтчасына алып кетишкен. 46 жаштагы аял бир жарым сааттан кийин уулун жана унаасын айып аянтчасынан алып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/unaada-kalgan-majyp-bala-iske-uulanyp-kaza-boldu



Добавить комментарий