Унаа Ак-Буура дайрасына түшүп кетип үч адам көз жумду

24 июня 2019 12:16 1689 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгында үч адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат кабарлады. 

22-июнда саат 22:00дө Ош-Папан-Кожокелен трассасынын 30-чакырымында, Ак-Буура суусуна “Жигули” унаасы түшүп кеткен. Унаада 1976-жылы туулган С. М., 1978-жылы туулган А. С. жана 2009-жылы туулган Ж. Ш аттуу бала болгон.

23-июнда куткаруучулар унааны алып чыгышып, каза тапкандардын сөөгү жакындарына берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/unaa-ak-buura-dajrasyna-tshp-ketip-ch-adam-kz-zhumdu



Добавить комментарий