Умрага барууну каалагандарга Сауд Аравиясы бир шарт менен уруксат берди

6 апреля 2021 18:13 7991 Barometr
Поделиться в:
ok

Мусулман зыяратчылары Рамазан айында Сауд Аравиясындагы мусулмандардын ыйык жайларына зыярат кылып, кичи ажылык амалын аткаруу үчүн коронавируска каршы эки жолу эмдөөдөн өтүшү шарт. Бул тууралуу Сауд Аравиянын SPA агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Рамазан айында умрага, Мекке жана Медина шаарларындагы мечиттерге зыярат кылууга коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алгандар, болбосо биринчи дозасын 14 күн мурун сайдыргандар же коронавирус менен ооруп айыккандар гана келе алат", - деп айтылат маалыматта.

Араб өлкөлөрүндө мусулмандардын орозо айы 13-апрелде башталат деп күтүлүүдө.

Мусулмандар Рамазан айын ыйык айлардын бири деп эсептеп, убактыларын Орозо кармап, зыярат кылуу менен өткөрүүгө умтулушат. Ошондуктан, Рамазан айында көпчүлүк мусулмандар кичи ажылыкка барышат. Умра амалы салттуу ажылыктан айырмаланып, жылдын ар мезгилинде, каалаган убакытта жасала берет.

Ссылка: https://barometr.kg/umraga-baruunu-kaalagandarga-saud-araviyasy-bir-shart-menen-uruksat-berdi



Добавить комментарий