Улуу манасчы Жусуп Мамайдын ысымы көчөлөрдүн бирине ыйгарылды
Поделиться в:
Бишкек шаарындагы Ленин районунун көчөлөрүнүн бирине Жусуп Мамайдын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын парламенттик жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов билдирди.
“Кытай Эл Республикасынын элчилиги жайгашкан көчөгө улуу манасчынын ысымын ыйгарууну чечтик. Учурда номур жана көчөнүн аталышы жазылган такталарды илүү гана калды” – дейт А. Абытов.
Эскерте кетсек, 2018-жылы Кыргызстанда жана Кытайда Улуу манасчынын 100-жылдыгы белгиленген. Этникалык кыргыз Жусуп Мамайга 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры аталган..
Ссылка: https://barometr.kg/uluu-manaschy-zhusup-mamajdyn-ysymy-kchlrdn-birine-yjgaryldy
Добавить комментарий ×