Уулу энесин өлтүрүп, башын сууга агызып жиберген

29 апрель 2019 13:06 5151 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Украинанын  Николаево районунда 56 жаштагы аялдын өлүмү боюнча шумдуктуу фактынын бети ачылды. Таштандыдан аялдын жиликтенген сөөгү табылып бирок башы жок болуп чыккан. Кийинки күнү Аляуд жарым аралынан аялдын башы салынган челек табылды. Бул тууралуу podrobnosti.ua булагы кабарлады.   

Таш боордук менен жасалган мындай кылмышка аялдын 35 жаштагы уулу шектелип кармалды. Ал чатак маалында энесин өлтүрүп, сөөгүн жиликтеп, бир бөлүгүн таштандыга салып, ал эми башын челекке салып сууга агызып жиберген. 

Аялдын сөөгү шаардык таштанды полигонунан табылгандан кийин иликтөө башталган. Көрсө уулу апасын өзү өлтүрүп коюп аны жоголуп кетти деп полицияга кабар берген экен.   Үрөй учурган факты боюнча кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-enesin-ltrp-bashyn-suuga-agyzyp-zhibergen



Добавить комментарий