Мамлекеттик тил күнүнө карата 18 китеп 8 409 нускада кыргыз тилинде басылып чыкты (Сүрөт)

21 сентября 2020 16:48 479 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик тил күнүнө карата 18 китептин бет ачаары болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Бүгүн, 21-сентябрда билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тил  күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү.

Мамлекеттик  тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын  алкагында бул жылы 18 аталыштагы китеп  8 409 нускада басылып чыккан.

Иш-чаранын жүрүшүндө китептер боюнча талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди. 

Басылып чыккан китептердин 7 аталыштагысы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда  кесиптик окуу жайлардын жана кыргыз билим берүү академиясынын, окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-progammanyn-alkagynda-18-kitep-8-409-nuskada-basylyp-chykty-srt



Добавить комментарий