Улуттук банкын эсептик чен өлчөмү 4,75 пайызга чейин төмөндөдү

29 мая 2018 20:55 791 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул тууралуу Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов басма сөз жыйынында жарыялады.

Анын айтымында, Улуттук банк Башкармасынын 28-майында өткөн отурумунда, эсептик чен өлчөмүн (чен саясаты) 25 базистик пунктка 4,75 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Чечим бүгүн, 29-майдан тартып күчүнө кирди.

Экономикалык абалга токтолуп жатып, төрага “Кыргыз Республикасында инфляция төмөн деңгээлде чектелип турууда. Жылдын май айы ичинде (18-не карата) инфляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,7 пайыздан төмөндөп олтуруп, 1,6 пайызды түзгөн. Баанын төмөндөшү товарлардын азык-түлүк тобу боюнча жүрүүдө, бул эл аралык азык-түлүк рыногунда алгылыктуу жагдайдын сакталышы менен шартталган” –деп билдирди Улуттук банктын төрагасы.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bankyn-eseptik-chen-lchm-475-pajyzga-chejin-tmndd



Добавить комментарий