Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус аныкталды
2020-жылдын 18-июнунда Улуттук банктын бир кызматкеринен вирусту аныктоо үчүн алынган анализден COVID-19 инфекциясы тастыкталды. Учурда кызматкердин оорусу жеңил формада өтүп, дарыланууда. Бул тууралуу Улуттук Банктан билдирди.
Улуттук банктын кызматкерлеринин ичинен контакт болгон адамдар аныкталып, алар үй карантинине жиберилди. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери алардан белгиленген тартипте анализ алды. Оору жуктуруп алган кызматкер иштеген имарат адистештирилген компаниянын кызматкерлерин ишке тартуу менен дезинфекцияланды.
Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, Улуттук банкта санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык талаптар күчөтүлдү.
Бүгүнкү күнгө карата банк кызматкерлеринин ичинен аталган ооруга чалдыккан башка учур жок. Улуттук банк штаттык режимде иш алып барып, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.
Бул Улуттук банктын кызматкерлери арасында ооруну жугузуп алган экинчи учур.
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-banktyn-kyzmatkerinen-covid-19-koronavirus-infekciyasy-anyktaldy
Добавить комментарий ×