Улуттук банк сомдун наркын кармап туруу үчүн жыл башынан бери сегиз жолу интервенция жасады

10 апреля 2020 18:02 1015 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүнкү күнү өлкө ичиндеги валюта рыногу туруктуу экенин айтып, АКШ долларынын курсу сомго карата жыл башынан бери 11,92%га өскөнүн билдирди.

“Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн КРУБ жалпы суммасы 216,9 млн АКШ долларды сатуу боюнча 8 интервенция жүргүзгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук Банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 млрд 368,8 млн АКШ долларын түзөт.

Белгилей кетсек, март айынын ортосунда доллардын сомго болгон наркы бир кыйла жогоруп, 69 сомдон 85 сомго чейин чыгып кеткен. Учурда бир доллардын орточа баасы 78,4 сомду түзүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bank-somdun-narkyn-karmap-turuu-chn-zhyl-bashynan-beri-segiz-zholu-intervenciya-zhasady



Добавить комментарий