Улуттук банк сомдун курсун кармап туруш үчүн 22,8 млн доллар сатты
Поделиться в:
КРнын Улуттук банкы жыл башынан бери банктар аралык валюта базарына 22,8 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Доллар сатуу боюнча биринчи интервенция 16-январда жасалып, 18,8 млн.доллар рынокко сатылган.
Былтыр 2018-жылы Улуттук банк валюта рыногуна 10 ирет чыгып, коммерциялык банкттарга 154 млн 550 миң доллар саткан жана 20 млн 550 миң долларды сатып алган.
Бүгүнкү күндө доллардын орточо курсу 69,79 сомду түзүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bank-somdun-kursun-karmap-turush-chn-228-mln-dollar-satty
Добавить комментарий ×