Улуттук банк доллардын өсүшүн жөнгө салуу үчүн $ 23,4 миллионду сатыкка чыгарды
Поделиться в:
Улуттук банк Кыргызстандагы валюта рыногундагы абалды жөндөш үчүн 23,4 миллион доллар сатыкка койду . Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жайгаштырылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Улуттук банк ноябрь айынын башында 26,8 миллион доллар сатыкка чыгарган. Кыргызстанда АКШ долларынын баасын бир калыпта кармоо үчүн Улуттук банк ноябрь айында ушуну менен экинчи ирет интервенция жүргүзүп жатат.
Кыргызстанда акыркы күндөрү доллардын курсу кескин өсүп жатат. Бүнкү күндө доллар сатып алууда 84 сом 71 тыйын, сатыкта 84 сом 9 тыйын болуп эки күндөн бери түшпөй, кармалып турат.
Кыргызстанда доллардын кымбатташы менен азык-түлүк, эт азыктарынын баасы да кескин көтөрүлүп жатат.
Добавить комментарий ×