Улукбек Кочкоров: Мени колдоп, ишеним көрсөткөн шайлоочуларыма ыраазымын
Президенттик шайлоого талапкер катары ат салышкан, мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров аны колдогон тарапташтарына рахмат айтып, ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу журтташтар!
Мени, менин программамды колдоп, добуш бергениңиздерге, программамды элге жеткирүүгө бар күчүн жумшаган тилектештериме, "жүрөгүмдөн сизди колдойм, бирок, бул жолу сизге добуш бере албадым" деп каалоолорун айтышкан миңдеген күйөрмандарыма, "программаңыз элге жетип калса экен, үй-бүлөмдүн ырыскысынан атайын сизге алып келдим" деп 5-10 миң сом акчалай колкабыш кылган карапайым замандаштарыма баарыңыздарга ийилип таазим этип, ыраазычылык билдирем!
Буга чейин да көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген президенттер элдин үмүтүн актабай, аягы кейиштүү окуялар менен коштолгону баарыбыздын эсибизде. Менин тилегим, бул жолку колдогон элдин үмүтүнө суу себилбей, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшсө экен. Жылдап чет жакта жүргөн ата-энесинин мээримине зар болуп, жол караган балдарыбыздын санаасы тыйылса экен. Калкыбыз байгер жашоого жетип, дүйнөнү саякаттап, бактылуу өмүр сүргөн элдердин катарында болсо экен.
Баарыбыз бакубат, өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет”, - деп жазды Кочкоров.
Ссылка: https://barometr.kg/ulukbek-kochkorov-meni-koldop-ishenim-krstkn-shajloochularyma-rahmat-ajtam
Добавить комментарий ×