Улгайган байбичени карга чокуп, жарадар кылды

29 мая 2018 03:40 1418 Barometr
Поделиться в:
ok

Агрессивдүү карга Россиянын борбор шаарындагы сулуулук салондорунун биринин жанында улгайган аялга асылды. Окуя бүгүн 28-майда болгондугун “Мир 24” маалымдады.

Шаардын өзгөчө кырдаал кызматы "2-Брест көчөсүндөгү сулуулук салонунун жанында карга 60-жаштагы аялга кол салып, анын натыйжасында жабырлануучу ачык жаракат алып, көп кан кетирди", - деп билдирди.

Кайгылуу окуяга туш келген аялдын айтымында, карга өзүн өзгөчө агрессивдүү кылып, жолдон өткөн эле кишилерге кол сала берген. Бул маалыматты учурда шаардык кызматтар иликтөөгө алып жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/ulgajgan-bajbicheni-karga-chokup-zharadar-kyldy



Добавить комментарий