Улан Ниязбеков Баткендеги ИИМдин талкаланган имараттарын кыдырып чыкты

10 мая 2021 17:09 395 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусундагы иш сапарында талкаланган ИИМдин  имараттарын кыдырып, тез арада калыбына келтирүү тапшырмаларын берди. Бул тууралуу ИИМдин басма  кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 10-майда ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек, Баткен  райондорундагы айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундар жана ошол жакта кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери, ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары  менен жолукту.

Алгач, Баткен районунун Жаңы-Жер айылына барып, ал жерде жайгашкан аймактык милиция бөлүмчөсүндө милиция кызматкерлери,  жергиликтүү тургундар  менен жолукту. Анда  куралдуу кагылышуунун башталышына күбө болгон милиция кызматкери менен дагы баарлашты. Андан соң талкаланган Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын алдына жаңы имарат салуу боюнча долбоорду карап чыкты. Учурда Жаңы-Жер  аймактык милициясынын бөлүмчөсү жайгашкан имарат короосу менен биргеликте айыл өкмөттүн балансында болгондуктан, аны Лейлек РИИБнин балансына алуу боюнча маселени карап чыгуу талабын койду. Министр жаңы салына турган аймактык милициянын болүмчөсүн тез арада бүтүрүп, азыркы милициялар иш алып барып жаткан имаратты учур талабына жараша ондоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң, министр Лейлек районунун Максат айылына келди. Учурда Максат айылында куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан үйлөрдү тазалоо иш-чаралары жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 17 үй тазаланып бүттү. Иш-сапарынын жүрүшүндө Улан Ниязбеков Максат айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү менен таанышып, аны тез арада кайра калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ал эми, Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылында  болгон иш сапарында Улан Ниязбеков ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын өздүк курамы менен таанышты. Ички аскерлердин 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имараты министрдин 100 күндүк ишинин алкагында ачылды. Имаратты анын ичиндеги жабдыктарды Улан Ниязбековго ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов тааныштырып чыкты. Аскерлердин уктоочу бөлмөлөрүн, жуунучу бөлмөлөрүн, ашканасын, китеп окуучу, машыгуучу  залдарын толук кыдырып чыгып, аскер кызматчыларынын кийим-кечелерине, машыгууларына жана сапаттуу тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле, министр Баткен районунун  Көк-Таш айылында жайгашкан  ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасына дагы келип, ал жердеги өздүк курам менен жолугуп, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы, тамак-ашы, жаткан жери, жабдыктары менен жеринен таанышты. Ал эми Баткен облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кошумча күч катары барган милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында өз ишмердүүлүгүн улантууда.


Ссылка: https://barometr.kg/ulan-niyazbekov-batkendegi-iimdin-talkalangan-imarattaryn-kydyryp-chykty



Добавить комментарий