Жанар Акаев: Экспертиза Уландын ашказанынан уулу зат табылбаганын маалымдады

17 августа 2018 20:40 3697 Barometr
Поделиться в:
ok

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча көп суроолордун жообу бериле элек. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Эгизбаевдин өлүмү тууралуу соттук медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыктары боюнча үн катты.

“Уланбек Эгизбаевдин өлүмү тууралуу соттук медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыктары менен тергөөчү тааныштырды, бирок анын көчүрмөсүн Уландын ата-энесине же бир туугандарына гана беребиз дешти. Улан каза болгондон бери жаны жай албай чуркап жүргөн жакын досу Каниет Жыргалбеков болуп чогуу бардык, "Азаттыктан" Мирлан Токталиев да күбө болду. Экспертиза Уландын ашказанынан уулу зат табылбаганын, ал сууга чөккөнүн, бирок бутундагы тактар тирүү кезинде болгон эмес, ал каза тапкандан кийин пайда болгон деген чечим чыгарыптыр. Чын эле Көлдө түшкөн акыркы сүрөттөрүндө буту даана көрүнгөнүн, тирүүсүндө эч кандай так болбогонун апасы да айтып жатат. Жакын туугандары экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогон учурда беш адамдан турган дагы эксперттик комиссия иштейт экен. Бирок окуя боюнча кылмыш иши козголуп, дыкат тергөө жүрүш керектигин айттык, коомчулук Уланга буга чейин коркутуулар болуп келгенинен маалыматы бардыгын жана анын өз ажалы менен өлгөнүнө эл ишенбей турганын эскерттик. ИИМ тергөө уланаарын, айрым жагдайлар боюнча дагы убакыт керектигин айтып жатат. Иштин жүрүшүнөн "Азаттык" жетекчилиги, Уландын досу Каниет, баарыбыз чогуу кабардар болуп, көзөмөлдөп турабыз. Азырынча ИИМ дагы, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы кандайдыр бир бурмалоого кымындай да кызыкчылык жок экенин айтышууда. Бирок баарыбир бул ишти унуткарбай, биргеликте көз салып турушубуз керек”, - деп билдирген Акаев.

Кечээ, 16-августта Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөнү айтылган.

Белгилей кетсек,  бир канча чулгандуу иштер, жемкорлук боюнча иликтөөлөрдү эфирге алып чыккан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaevdin-lm-zhanar-akaev-ekspertizanyn-algachky-zhyjynttyktary-boyuncha-ajtty



Добавить комментарий