Улан Эгизбаев каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды
Улан Эгизбаев каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков «Эгизбаев Уланбек Токтосуновичти (каза болгондон кийин) „Эрдик“ медалы менен сыйлоо» жөнүндө Жарлыкка кол койду.
"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaev-kaza-bolgondon-kijin-erdik-medaly-menen-syjlandy
Добавить комментарий ×