Кыргызстан аркылуу Латвиядан 250 миң долларлык тамекини Афганистанга өткөрөм дегендер кармалды
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан улуттар аралык кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча Бажы кызматынын Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвиядан Афганистанга өткөрүүнү аракет кылган факты аныкташкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча 2020-жылдын 9-январь күнү ЖПКнын 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча шектүү катары Бажы кызматынын кызматкери 1982-жылы туулган М.Б. кармалган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын 3-Башкармалыгынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 30-январь күнү жалпы суммасы 200 200 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн Бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 000 АКШ долларын накталай берүү учурунда Россиянын жана Казакстандын жарандарынан турган 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Аларга карата соттун чечими менен ЖАМКтын №21 мекемесине камакка алуу турундөгү бөгөт чарасы тандалды.
Ошондой эле, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кайра жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 5-февраль күнү Бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки өндүрүшүннө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 000 АКШ долларын берүү учурунда Беларустун жараны С.Ю. аттуу кармалып, сот тарабынан ЖАМКтын №21 мекемесинде камалды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×