Украина Жеңиш күнүн майрамдоодон баш тартты
Бөлүшүү:
Украина Жеңиш майрамын 9-майда белгилебейт. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко “Украина 24” телеканалына берген маегинде айткан.
Ал расмий Киев Жеңиш майрамын 9-майда белгилебей турганын так айткан.
“Биз жалпы Европа континенти сыяктуу бул трагедиянын чыгышын 75 жылдан кийин түшүнүүгө даяр болдук. Андан сырткары бир-бирибизди кечирүүгө даярбыз. Дал ушул багыт боюнча майрамдоо керек”, — деди Пристайко.
Украинада 8-майда Эскерүү жана элдешүү күнү белгиленет. Бул майрам 2015-жылы мартта бекитилген.
Ссылка: https://barometr.kg/ukraina-zheish-knn-majramdoodon-bash-tartty
Добавить комментарий ×