Украин чалгынчысын жардырган Кыргызстандын жараны ооруканада көз жумду

5 апреля 2019 11:07 1204 Barometr
Поделиться в:
ok

Украин аскеринин унаасына жарылуучу затты орнотууга аракет кылган эркек ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү кабарлады.    

“4-апрелде саат 3:17де Киев шаарында белгисиз адам Украина атайын кызматынын кызматкерине карата террористтик акты кылууга аракет жасады. Жардыргычты коюп жаткан маалда ал иштеп кетип эркек ар кандай даражада жаракат алган, ошол боюнча эсине келбей ооруканада көз жумду”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда полиция аталган кылмыш ишин иликтеп жатат.

Эскерте кетсек, 4-апрель күнү Украинанынын Киев шаарынын Голосеев районундагы Вильямс көчөсүнүн супер маркетинин унаа токтоочу жайында жарылуу болгон. Полиция алдын ала берген маалыматтарга таянсак, эркек киши унаага жарылуучу зат коюп бирок качып кетүүгө үлгүрбөй калган.Анткени жарылуу мөөнөтүнөн мурда ишке ашкан. Оор абалдагы эркек ооруканага жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/ukrain-chalgynchysyn-zhardyrgan-kyrgyzstandyn-zharany-oorukanada-kz-zhumdu



Добавить комментарий