УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев ооруп жатканы кабарланды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахмановдун фейсбук баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
“Урматтуу достор, кадырлуу ыйман ээлери, ар кандай туура эмес маалыматтарды таратпоого чакыруу менен так маалымат берип коюуну туура көрдүм. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруп, тийиштүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүп жатат. Ак бата тилеп, жараткандан шыпаа сурап, дуба кыласыздар деп ишенебиз. Камчыбек Кыдыршаевич учурда тийиштүү адистердин көзөмөлүндө”, - деп жазды журналист.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-bashchysy-kamchybek-tashiev-oorukanaga-tsht
Добавить комментарий ×