УКМК: "Шадиевди Кыргызстанга экстрадациялоо боюнча Интерполго үч жолу материалдар жиберилди"

14 февраля 2019 14:37 1629 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга экстрадациялоо боюнча Интерполго үч жолу материалдар жиберилген. Мындай маалыматты бүгүн 14-февралда парламентте УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов билдирди. 

Анын айтымында, Шадиев боюнча иш каралып жатат жана УКМК соттун чечимин күтүүдө. Ал эми бул боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Америка менен Кыргызстандын ортосунда укуктук жардам берүүлөр боюнча конвенциялар жок экендигин кошумчалады.

Бүгүн депутаттардын көпчүлүгү качып кеткен атка минер Аскарбек Шадиевдин иши боюнча укук коргоо органдарынан сурамжылашты. Аны качырып жиберген тергөөчүнүн ишинде дагы кылмыштын курамы барбы деп кызыгышты. 

Эске салсак, 28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 27-апрелде жакын тууганы каза болуп Лейлекке кетип, Баткенден дипломатиялык паспорт менен Тажикстанга өтүп, андан Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Россияга учуп кеткен. Москванын "Домодедово" аба майданынан ары Нью-Йоркко учуп кеткени июндун башында гана аныкталган. 

25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Бул тууралуу бүгүн УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Башкы прокуратура убагында кылмыш ишин козгоп берсе, Шадиевди качырбай алып калмакпыз деп актанды. 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-shadievdi-kyrgyzstanga-ekstradaciyaloo-boyuncha-interpolgo-ch-zholu-materialdar-zhiberildi



Добавить комментарий