Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары кармалды
Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы "А.А.М." кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.
Кечээ, 15-декабрда аталган иштин алкагында, КРнын жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы "А.А.М." кармалып, КРнын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Добавить комментарий ×