УКМК: Президенттин аппарат жетекчисинин мурунку орун басары кармалды
Бүгүн, 17- июнда УКМК президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Алмамбет Салиев мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.
"Ал мамлекеттик кызматта иштеп турганда аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесине туура келбеген мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Салиевдин мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Ал Жазык кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-prezidenttin-apparat-zhetekchisinin-murunku-orun-basary-karmaldy
Добавить комментарий ×