УКМК: Милиция кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

31 мая 2019 16:42 1877 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунда милиция кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 30-майында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынан 12 калибрдеги кесилген мылтык жана ок-дарылар, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. кармалды.

Кармоо учурунда К.К өзүнүн ВАЗ 2107 маркасындагы автоунаасы менен кылмыщ болгон жерден качып кетүү аракетин көрүп, жыйынтыгында кармап жаткан топтун автоунааларынын бири менен сүзүшүп алган.

Такталган боюнча, кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. болуп, калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекен саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (божомолдор боюнча 5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө)аткезчилик жол менен ташыган тараптарга кол салууну белгилеп жатышкан.

"Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 321 беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталды",- деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

УКМК укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлүп жана иш алып барып жаткан кылмыштуу топ уюштуруп, кийин ачылбай кала турган резонанстуу кылмыштын алдын алды.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-miliciya-kyzmatkerlerinen-turgan-kylmyshtuu-toptun-mchlr-karmaldy



Добавить комментарий