УКМК КСДП партиясынын кайрылуусуна жооп кылды

12 марта 2019 17:02 1201 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети курултайдын делегаттарынын тизмесин текшерүү жөнүндө КСДП партиясынын кайрылуусуна жооп кылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Аталган факты боюнча кызматтык териштирүү башталды. Партиянын катчылыгы арызданып жаткан УКМКнын Жети-Өгүз району боюнча башчысы К.Табалдиев кызматка дайындалганына бир ай болгон. Жергиликтүү жагдай менен таанышып чыгуу үчүн ал Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы паспорт столго бир катар өтүнүчтөр менен кайрылган”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 12-апрелде КСДП партиясынын катчылыгы К.Табалдиевдин иш-аракетине түшүндүрмө берүүнү УКМКдан өтүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-ksdp-partiyasynyn-kajryluusuna-zhoop-kyldy



Добавить комментарий